• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Саламаттыкты сактоо министрлигин кайтарган милиционерден коронавирус аныкталды

15 Чын куран 2020 10:55 Бишкек Govori.TV

Саламаттыкты сактоо министрлигин кайтарган милиционерден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде онлайн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, коронавирус аныкталган 98 медицина кызматкеринин ичинде Бишкектеги ыкчам штабда иштегендер бар.

«Вирус бир кызматкерден аныкталганда биз Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлерин толугу менен текшердик — 100гө жакын адам. Ошондой эле коронавирус ошол жердеги милиция кызматткеринен дагы аныкталган. Бардык эпидемияга каршы чаралар көрүлдү. Жаамат текшерүүдөн өтүп жатат. Күн сайын үй бүлөлүк медицина кызматынын кызматкерлери текшеришет», — деди ал.

Үсөнбаев уруксат берилгендердин бардыгы аралыктан иштөө режимине өткөнүн айтты.

«Тилекке каршы, азыркы шартта биз бардыгын аралыктан иштөө режимине жөнөтө албайбыз. Саламаттыкты сактоо министрлигинин иши толук көлөмдө аткарылышы үчүн биз бардык чараларды көрүп жатабыз», — деди ал.

Количество просмотров: 243