• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Салайдин Авазов: Химцех эмнеге курулган жок азыркылар жооп берет

16 Жалган куран 2018 13:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.03.2018.Govori.TV

«Электр станциялары» ишканасынын мурдагы башкы директору Салайдин Авазов Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо химиялык цех курулуш керек болчу деп билдирди.

Эмне себептен эксплуатацияга алып жатканда химиялык цехи жок кабыл алышкан, азыркы жетекчилер жооп берсин, мен келишим түзүлгөн соң эле кызматтан кеткем деп билдирди.

Эске салсак, Бишкек ЖЭБинде январь айынын аягында авария болуп, Бишкектиктер 6 күн жылуулуксуз калган. Бишкек ЖЭБинин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу авариянын себеби ЖЭБди модернизациялоодо химиялык цех курулбай калгандыктан жана буу казандары жайгашкан жердин чатыры тешик болгондуктан экенин билдирген.

«Электр станциялары» ишканасы Бишкек ЖЭБи эмне себептен химиялык цехи жок эксплуатацияга алынганын түшүндүрүп бере элек.

Количество просмотров: 22