• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Салянова: Менин ишиме бүгүн чекит коюлушу керек

10 Бештин айы 2019 16:49 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-декабрда Жогорку сотто мурдагы Башкы прокурор Аида Саляновага лицензия боюнча козголгон кылмыш иши жаңы жагдайлар менен каралууда. Ал эми мурдагы Башкы прокурор Аида Салянова «Менин ишиме бүгүн чекит коюлушу керек», — деген пикирин билдирди.

Баарыңыздарга белгилүү 2016-жылы иш козголду, андай кийин бийлик эки жылдай аябай убара болду, сотто дагы, тергөөдө дагы кенедей зыянды далилдей алган жок. ЖАМК жана менин жактоочум Жогорку сотко иш кайра каралуусу керек деп кайрылган. Жалгыз эле алар эмес башка да юристтер кайрылуу жолдошкон, Салянованын ишинде кылмыштын курамы жок, андыктан бул кылмыш иши жабылышы керек деп», — деди Салянова.

Эске салсак, Аида Салянова «2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген негизде айыпталган. Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы аны беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны ал үчтөгү кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон.

Количество просмотров: 260