• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Салянова митингден соң сабалды деген жарандар тууралуу милиция маалымат берди

24 Үчтүн айы 2022 13:26 Бишкек Govori.TV

Баш прокурор Аида Салянова буга чейин социалдык тармактагы баракчасында журналист Болот Темиров менен акын Болот Назаровду колдоо митингинен кийин ага катышкан эки жаран ур-токмокко кабылганып, милиция бөлүмүнө алынып кеткенин билдирген

Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымат таратты.

Маалыматта айтылгандай, 2022-жылдын 24-январында саат 00:05 чамасында Чүй проспектиси менен Бейшеналиева көчөлорүнүн кесилишине жакын жерде белгисиз адамдардын ортосунда жаңжал чыгып, ал мушташка чейин жеткен.

«Алар Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын шаардык 1-бөлүмүнө жеткирилди. Бул факт Бишкек шаарынын Ленин районунунда кылмыштар жана жоруктар реестерине катталган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жарандар Ш.Н. жана Н.А. К.Акиев менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде бара жатып Т.С. аттуу жаранга кол салышкан. Алардан качкан Т.С. Чүй проспектиси менен Бейшеналиева көчөсүнүн кесилишинен коомдук тартипти сактоо боюнча кызмат өтөп жаткан ИИМдин кызматкерлерине жардам сурап кайрылган», — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалангандай РИИБге жеткирилгенден кийин жаран (Т.С) жазуу жүзүндө арыз берүүдөн жана соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан жана жеткирилген адамдардан да түшүнүк кат алынып, андан соң алардын баары бошотулган.

Учурда катталган материалды текшерүү иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 551