• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Саляновага абакта аба жетишпей, абалы оор

30 Теке 2019 12:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.07.2019.Govori.TV.

Абакта дем жетпеген шартта кармалып жаткан мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын учурда абалы оор. Анын  жүрөк оорусу өрчүп, тез арада операцияга муктаж. Бул тууралуу анын аталаш сиңдиси Чынара Турдалиева билдирди.

“Улам күндөн күнгө абалы оорлоп баратат. Дем жетпеген камерада түнү менен уктай албай кыйналып жатканын адвокаты айтууда. Жолугушуу укугу адвокатта гана бар”,-деди Турдубаева.

Андан тышкары, Чынара Турдалиева Салянова камалгандан бери жакындарынын бири менен да көрүшө электигин кошумчалады.

Эске салсак, Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынып, ден-соолугуна байланыштуу  15-июнда ооруканага которулган. Бирок 14 күндөн кийин кайра абакка жеткирилген. Учурда ал Бишкектеги  №1 тергөө абагында отурат.

Количество просмотров: 56