• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Салянова: Атамбаевге каршы көрсөтмө бердим деп эсептейм

15 Тогуздун айы 2019 16:41 Бишкек Govori.TV

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу тергөөдө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө бергенин билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-октябрда Биринчи май райондук сотунан журналисттерге айткан.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө бердим деп эсептейм. Бул иште күнөөлүү адам жоопко тартылышы керек. Себеби күнөөлүү адамдын артынан канча адам жабыр тартты. Демек, жооп бериш керек. Батукаевдин иши боюнча Алмазбек Атамбаев менен беттешкенде ал адам мага каршы эч нерсе айта алган жок. Алдыда да айта албайт деп ойлойм, — деп билдирген Салянова.

Эске салсак, бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча баштапкы соттук жыйын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевсиз өтүп жатат.

Количество просмотров: 178