Бүгүн, 10-декабрда Жогорку сотто мурдагы Башкы прокурор Аида Саляновага лицензия боюнча козголгон кылмыш иши жаңы жагдайлар менен каралат.
Белгилей кетсек, Салянова 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда «мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген негизде айыпталган. Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы аны беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны ал үчтөгү кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон.