• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Саляновага «Коррупция» беренеси менен айып коюлууда

4 Кулжа 2019 10:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек.04.06.2019.Govori.TV.

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин Кыргызстандан чыгып кетиши боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, «Коррупция» беренеси менен айып тагылууда. Бул тууралуу анын жактоочусу Рабига Сыдыкова билдирди.

Жактоочунун айтымында, 48 саат ичинде анын бөгөт чарасы каралуусу керек, андактан бүгүн, 4-июнда түштөн кийинки маалда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Аида Салянованын бөгөт чарасы каралат.

«Салянованы 3-июнда саат 15:00дөр чамасында үйүнөн сурак берүү үчүн ИИМдин имаратына алып кетишкен. Түнкү саат 12:00дөр чамасында аны ШИИБге алып келишкен. Буга чейин көптөргө коюлуп жаткан «Коррупция» беренеси менен айып тагылууда»,-деди жактоочу.

Белгилүү болгондой, Саляновадан кийин бетме-бет сурак берүү үчүн ИИМдин имаратына Башкы прокурордун мурунку орун басары Людмила Усманованы да алып келишкен. Сурактан соң ал кое берилген.

Эске салсак, Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга чыгып кетишине байланыштуу кылмыш иш быйыл кайра иликтене баштады.

Количество просмотров: 38