• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Салянованын инисинин өлүмүнө шектелген айыпталуучулар эч кимден көрсөтмө албаганын айтышкан

27 Жетинин айы 2020 15:19 Бишкек Govori.TV

Мурдагы башкы прокурор, Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы депутаты Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча сот отурумунда шектүүлөргө акыркы сөз берилди.

Ал эми соттолуучулардын бири Асанэмир Абыкулов: «Мындай болуп кетерин билген эмеспиз, баардык жазага даярмын», — деген. Ал эми залдагы туугандары Улан Саляновду өлтүрүүгө ким көрсөтмө бергенин айтуусун суранышкан. Шектүү Абыкулов Саляновду өлтүрүүгө көрсөтмө эч ким бербегенин айткан.

Учурда сот өкүм чыгаруу максатында кеңешүүчү бөлмөгө кирип кетти.

Эске салсак, 42 жаштагы Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнө кирип, атып кетишкен. ​Ички иштер министрлиги (ИИМ) бул кылмыш үчүн үч киши шек саналып жатканын кабарлаган. Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту 2018-жылы сентябрда карай баштаган.

ИИМ бул кылмыш үчүн үч киши — Эрмек Осмонкулов, Асанэмир Абыкулов жана Заур Насруллаев шектүү болуп жатканын жарыялаган. Булардын арасынан Осмонкулов 2017-жылдын 27-декабрында Бишкектен кармалган. Абыкулов Москвадан колго түшүп, 2019-жылы май айында Бишкекке жеткирилген. Саляновдун өлүмү боюнча шектүүлөрдүн дагы бири Заур Насруллаев Орусиядан кармалган, Кыргызстанга өткөрүлө элек.

Количество просмотров: 65