• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Салянованын тарапташтары президентке кайрылышты

15 Теке 2019 15:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.07.2019.Govori.TV.

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын тарапташтары анын бөгөт чарасын өзгөртүүгө чакырган жана ишти президент Сооронбай Жээнбеков өз көзөмөлүнө алышын өтүнгөн кайрылууга топтолгон колду бүгүн, 15-июлда президенттин коомдук кабылдамасына тапшырышты. Алар бул кайрылууга жети миңдей киши кол койгонун билдиришти.

Анда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча Аида Салянованы негизги күнөөкөр кылуу аракети жүрүп жатканы айтылат.

Мурдагы башкы прокурор, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аида Салянова 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгып, Орусияга кетишине байланыштуу ишке шек саналып, быйыл 3-июнда камакка алынган. 15-июнда ооруканага которулуп, 14 күндөн кийин кайра Бишкектеги №1 тергөө абагына жеткирилген. Туугандары ага жүрөк илдетинен тышкары пневмония деген диагноз коюлганын айтып жатышат.

Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбор Салянованын саламаттыгына байланыштуу жагдайга көңүл бурууну өтүнүп Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) жетекчилигине кат жиберди.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 28