• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Салык кызматынын башчысын кызматтан алуу сунушталды

12 Бирдин айы 2018 15:30 Бишкек Govori.TV
Депутат Зиядин Жамалдинов: «Өткөн жылдын салык төгүмдөр боюнча планын аткарбаганы үчүн Салык кызматынын башчысын кызматтан бошотуу керек»
Бул тууралуу депутат Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде республикалык бюджеттин 2017-жылы аткарылышынын алдынала жыйынтыктары жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди. «Бажы кызматынын башчысы менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы жакында эле дайындалган. Ал эми Салык кызматынын башчысы Октябрь Абдыкаимов мурдатан эле жетекчинин орун басары болуп иштеп келген», — дейт ал.
Депутат 2017-жылдын жыйынтыгында бюджеттик салык төгүмдөрүн пландалгандан кем чогултканы үчүн салыктык тармактык комитеттин чечиминде Салык кызматынын башчысы Октябрь Абдыкаимовду кызматтан бошотуу мүмкүнчүлүгүн кароо сунуштамасын киргизүү зарылдыгын белгиледи.
Эске салсак, буга чейин Октябрь Абдыкаимов өткөн жылы бюджетке пландалгандан 1 млрд 622 млн сом кем чогултулганын билдирген.
Количество просмотров: 38