• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Салык кызматынын орун басары кармалды

3 Чын куран 2018 10:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.04.2018.Govori.TV

Кыргызстанда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Кумашов кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан Govori.TVга кабарлашты.

УКМК «Интеррустрейд» жана «Полларис» ишканаларына кошумча нарк салыгын кайтарып берүү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында салык кызматынын төрага орун басары Кубанычбек Кумашов коррупцияга шектелип кармалгандыгын тастыктады.

Эске салсак, 800 миллион сом кошумча нарк салыгын кайтарып берүү боюнча УКМК кылмыш ишин козгогон.

Депутат Рыскелди Момбеков Президент бул сумманы 5 миллиард сомго чейин жеткирерин айткандыгын билдирген.
Количество просмотров: 40