• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Салык кызматы Атамбаевдин декларациясы сыр экенин билдирди

30 Жетинин айы 2018 13:37 Бишкек Govori.TV
Бишкек.30.11.2018.Govori.TV.
Мамлекеттик салык кызматы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин киреше жана чыгашасын көрсөткөн декларациясы сыр экенин айтып, маалымат берүүдөн баш тартты.
Аталган кызматтын “Азаттыкка” жөнөткөн расмий катында жеке жактардын байлыгы тууралуу маалымат берилбей турганы айтылган. Анда Атамбаев мурдагы президент катары катары эмес, жөнөкөй жаран катары белгиленип калган.
“Азаттык” мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин байлыгы боюнча коомчулукта айтылып жаткан кептердин чын-бышыгын аныкташ үчүн журналисттик иликтөө жүргүзүп жаткан. Ага ылайык, Атамбаевдин мамлекетти башкарып турган учурда тапшырган декларациясы боюнча маалымат суралган.
Буга чейин мамлекеттик кызматкерлердин киреше-чыгашасы тууралуу толтурган декларациясын көзөмөлдөп келген Кадр кызматы толук архив Мамлекеттик Салык кызматына өткөрүлүп берилгенин айткан.
Былтыр 5-апрелде президенттик сайтка ошол кездеги мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алып, 2003-жылы январда Түркиянын Измир шаарындагы өнөр жай ишканасындагы өзүнө таандык акциялар пакетин түркиялык ишкерге 45 млрд. түрк лирасына же ошол кездеги курс менен 35 млн. долларга сатканын күбөлөндүргөн документтерди бергени кабарланган.
Ошондон кийин коомдук ишмер Эдил Байсалов өз иликтөөсүнө таянып, Атамбаевдин үлүшү сатылган 45 млрд. түрк лирасы 2003-жылы 35 млн. доллар эмес, 27 миң доллардай акча болгонун жазып чыккан.
23-ноябрда Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Түркиядагы бизнесин сатууга байланыштуу жагдайларды териштирүүнү УКМКнын Коррупцияга каршы кызматына тапшырганы белгилүү болгон
Количество просмотров: 28