Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына чейин транспорт салыгын, 2-сентябрга чейин – турак үй, батир жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө зарыл. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы эскертет.
Маалыматка караганда, жарандар салык органына барбастан салыктарды бардык банктардын кассаларынан, почта бөлүмүнөн, ошондой эле терминал жана POS-терминалдар, мобилдик жана интернет банкинг, төлөм карталары аркылуу төлөсө болот.
Кененирээк маалыматты 1240 номери же МСКнын сайты аркылуу алууга болот.