• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Салык кызматы: Карыздарды текшерүү жана төлөө боюнча онлайн кызмат ишке кирди

26 Бирдин айы 2024 13:43 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматы «салык төлөөчүнүн кабинети» аркылуу онлайн түрдө салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды текшерүү жана төлөө кызматын ишке киргизди.

Ведомстводон билдиришкендей, эми салык төлөөчүлөр Cabinet.salyk.kg сайты аркылуу үйдө же кеңседе отуруп, салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн компьютер же смартфон аркылуу текшерип жана төлөй алышат.

Ошондой эле бул кызмат салык төлөөчүлөрдү салык органдарына, банк мекемелерине баруудан же төлөм терминалдарын издөөдөн жана туура эмес төлөө тобокелдиктеринен бошотот.

Бул электрондук кызматты колдонуу үчүн салык төлөөчү Cabinet.salyk.kg сайтындагы » Салык төлөө» модулунан «Карызды текшерүү жана салыкты төлөө» бөлүмүн тандоо керек. Ушул бөлүмдөгү төлөм коду боюнча же QR-коду аркылуу төлөй алат.

Бул кызматты колдонуу жөнүндө кошумча маалыматты Cabinet.salyk.kg сайтындагы “Жетекчилик” бөлүмүнөн алууга болот

Количество просмотров: 68