• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Салык кызматынын 10 инспектору коррупция боюнча кармалды

17 Чын куран 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 10 инспектору коррупция боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, УКМК Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-аракеттерди улантууда.

«Мамлекеттик бюджетти толтуруусу түздөн-түз көз каранды болгон фискалдык органдардагы коррупцияга каршы күрөшкө улуттук коопсуздук органдары тарабынан өзгөчө көңүл бурулат.
Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын (мындан ары — Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу МСК) кызматкерлеринин тобу, жеке кызыкчылыгын көздөп, чарба жүргүзүүчү субъекттердин өкүлдөрү менен жең учунан сүйлөшүп алып, салыктын суммасын атайылап азайткандыгы, 100 миллион сомдон ашык салык төлөөчүлөрдү текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча төлөнүүгө тийиш болгондугу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин назарына түшкөн.
Келип түшкөн материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүмү (Коррупция) менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 10 инспектору камакка алынган, аларга тиешелүү айып тагылып, сот тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган», — деп айтылат маалыматта.

Учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар бардык адамдарды жана мамлекетке келтирилген так зыянды аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Жүргүзүлүп жаткан тергөө иштеринин жүрүшү жана жыйынтыгы тууралуу КР УКМК коомчулукка маалымдайт.

Количество просмотров: 81