Бишкек. 17.12.2018. Govori.TV
Президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөш, жемкорлукту жоюу тууралуу бир топ жерде айтып журот.
Ушуну менен катар эле президент буга чейин бардык аткаминерлердин декларациясын текшерип чыгууну буйруп, коррупцияга каршы күнүнө карата калкка кайрылуу жасап мындай деген.
Өлкө башчы кандай аракет кылбасын майнап чыкпай Мамлекеттик салык кызматы Жогорку Кеңештин үй-жайы жок делген, кембагал депутаттарынын декларациясын жарыя кылып, бул социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты. Алардын айрымдарын “Апрель” телеканалы тизмектеп көргөн.
Жакында эле мурунку вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин жашыруун миллиондору ачыкталган эле. Буга чейин Зилалиев декларациясын толтурганбы?,-деп сурадык. Салык кызматынын маалыцматына караганда декларация боюнча кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүнө карабай, катачылык кетирип койгонуна байланыштуу мүлкү көргөзүлбөй калган.
Жогорку кызматта отурган чиновниктердин эмне себептен декларацияда мүлкүн жашырат деген суроого мамлекеттик салык кызматынын жообу төмөндөгүдөй.