• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Салыктын кызматкери пара менен кармалды

25 Бирдин айы 2022 9:15 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Сузак району боюнча инспектору пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Сузак району боюнча башкармалыгынын инспектору Ж.Д.Д. пара алып жаткан жеринен кармалды. Салык кызматкери Жалал-Абад шаарынын тургунун патентти жабуу боюнча жана салык карызын кечиктиргендиги үчүн маселени оң жагына чечип берүү үчүн кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып жашоочудан опузалап акча каражатын талап кылган.

«Көрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, 2022-жылдын 23-февралында Мамлекеттик салык кызматынын Сузак району боюнча башкармалыгынын инспектору Ж.Д.Д. паранын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен кармалып, КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык Жалал-Абад шаарынын ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 107