• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Салымбеков «Дордойдо» ижара акысы арзандаганын айтты

10 Бештин айы 202321:28 Бишкек Govori.TV

«Дордой» ассоциациясына кирген базарларда жер тилкелеринин ижара акысы 50-60 пайызга чейин арзандады. Бул тууралуу соода борбордун негиздөөчүсү Аскар Салымбеков 10-декабрда «Азаттыкка» билдирди.

Ал»Дордой» Министрлер кабинетинин салык реформасын колдой турганын айтты.

Жаңы эрежелерге ылайык, базардын дүң соода катарларында ижара акысы эки эсе төмөндөйт, ал эми чекене соода катарларында ижара акысы 30 пайызга азаят.

Ошону менен катар «Дордой» базарын реконструкциялоо, түзүмдү жана байланышты жакшыртуу боюнча иштер башталат. Кошумча тамактануучу жайлар, дааратканалар курулуп, автобустардын жаңы каттамдары уюштурулат.

«Дордой» менен катар акыркы күндөрдө өлкөдөгү бир катар базарлар дагы аренда акыларын арзандатууда. «Аламүдүн» базары 30-50 пайызга, «ЗимаЛетто» компаниясы өз базарында 25 пайызга, «Оберон» базары соода орундарын 20 пайызга арзандатканын жарыялашты.

Количество просмотров: 410