• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Самаган Ормонов дүйнөлүк чемпионатта коло медаль утуп алды

4 Аяк оона 202415:33 Бишкек Govori.TV

Балбан Самаган Ормонов Испанияда өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло байгеге ээ болду.

Ормонов 130 кг салмагында килемге чыгып, чехиялык спортчуну жеңген, андан соң ирандык балбанга жеңилген. Ирандык балбан финалга чыккандыгына байланыштуу, кыргызстандык спортчуга мелдешти улантууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Көңүл жубатуучу беттеште азербайжандык Мазаим Мардановду жеңди. Армениялык Арамайис Харутюянянды утуп, коло байгеге ээ болду.

Эске салсак, 87 кг салмакта Асан Жанышов алтын медалга татыган.

Количество просмотров: 104