Samara.kg иликтөөсүнүн автору Ринату Тухватшинди УКМК чакырды. Чакырууну Мамлекеттик каттоо кызматы бүгүн маалымат жыйын өткөзгөн соң алып келип беришкен.
Мамлекекеттик каттоо кызматы атайын кызмат Клопту “Самаранын” тегерегинде шектүү кызыкчылыгын текшерет деп билдирген.
Тухватшинди 15-декабрда саат 10:00го келүүгө чакырышкан.
Эске салсак, Клоп сайты президенттик шайлоодон соң Мамлекеттик каттоо кызматынын жарандардын биометрикалык маалыматы сакталган порталында талапкер Жээнбековдун штабы иштеткен Самара.кж сайты кайсы бир убакытта болгондугун жазып чыккан.