• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Самаркандда алтын шахтасына мыйзамсыз кирген 2 кишинин сөөгү табылды

3 Теке 2023 16:02 Бишкек Govori.TV

Самарканд облусунун Кушрабат районундагы «Зармитан» шахтасында оор жаракаттан набыт болгон эки кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар Өзбекстандын Башкы прокуратурасына шилтеме кылып жазышты.

Мекеменин маалыматына караганда, каза болгондор шахтага мыйзамсыз киришкен. Алардын жанынан 94 кг салмактагы алтын рудасы салынган каптар табылган. Маркумдардын кичүүсү 20, улуусу 24 жашта болгон. Окуя ушул жылдын 28-июнунда катталган.

Каза болгондорду жер астында өзү жүрүүчү унаанын айдоочусу таап алган. Экөө тең шахтерлордун формасын кийип алышкан.

Алдын ала маалыматтарга караганда, маркумдарды өзү жүрүүчү унаа сүзүп кеткен болушу мүмкүн. Мекеме айдоочунун кабинасы капталда болгондуктан аларды байкабай калганын жокко чыгарбайт.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жана техникалык инспекциянын адистери жөнөтүлгөн. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 108