• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Самарканддын башчысынын эки жардамчысы кармалды

8 Үчтүн айы 2024 15:33 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда Самарканд районунун башчысынын эки жардамчысы кармалды. Алар жер тилкесин бөлүп берүүгө көмөктөшүү үчүн жарандан пара сурашкан.

Бул тууралуу Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акимдин эки жардамчысы жергиликтүү тургундан акимчиликтин балансында турган Сиаб каналынын жанындагы 3,5 сотых жерди аукционго коюу үчүн 1,3 миң доллар талап кылган.

«Кылмышка шектүүлөр ага аукциондо утуп алууга жардам берүүнү убада кылышкан. Алар жерди жаштардын ишкердигин колдоо үчүн бөлүп беребиз деген шылтоо менен сатмакчы болушкан», — деп айтылат маалыматта.

Аткаминерлер 1000 доллар алып жаткан жеринен кармалган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 100