• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Самаркандда соода борборундагы киши өлтүрүүнү видеого тарткандар кармалды

25 Жетинин айы 2020 9:30 Бишкек Govori.TV

20-ноябрда Самарканддагы соода борборунда киши өлтүргөн учурду видеого тартып, аны социалдык тармактарда бөлүшкөн үч киши кармалды.

Самарканд облустук ички иштер бөлүмү билдиргендей, 23-ноябрда администртивдик протокол түзүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Самарканд шаардык соту үч кишини административдик камакка алуу боюнча өкүм чыгарды.

Расмий маалыматта алар канча мөөнөткө чейин камакта болору айтылган эмес.

Өзбекстандын административдик жана кылмыш кодекстеринде кыйноо жана мыкаачылыкты пропагандалоо, жайылтуу үчүн жоопкерчилик каралган.

20-ноябрда болжол менен кечки саат алтыда 42 жаштагы киши Мирзо Улугбек көчөсүндөгү соода борборунда аялын жана анын ойношу делген кишини бычак менен сайып өлтүргөн.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы кылмышкер кармалганын, ага каршы Кылмыш кодексинин “Өзгөчө мыкаачылык менен эки же андан көп кишини өлтүрүү” беренеси боюнча иш козголгонун билдирген.

Количество просмотров: 638