• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Самаркандда өз баласын ырайымсыздык менен сабаган аялга кылмыш иши козголду

27 Бештин айы 2022 16:55 Бишкек Govori.TV

Самарканд облусунун Ургут районунда өзүнүн кичинекей баласын сабап жатканын видеого тартып, аны Орусияда иштеп жүргөн күйөөсүнө жөнөткөн аялга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин соцтармактарда жинденген аялдын кичинекей баласын ырайымсыздык менен сабап жатканы тартылган видеотасма тараган.

Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, видео 24-декабрда тартылган. Орусияда иштеп жүргөн күйөөсү менен урушуп кеткен аял аны жолдошуна жөнөтүп, «балдарыңды өлтүрөм» деп коркуткан.

Аялга каршы «Өлтүрүү, зомбулук көрсөтүү менен коркутуу» жана «Кыйноо» беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Сабалган бала учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланууда.

Количество просмотров: 152