• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Саматбек Ибраев: Июнь окуясына жетиштүү саясий баа берилиш керек

10 Кулжа 2021 15:33 Бишкек Govori.TV

Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Саматбек Ибраев билдирди. Анын айтымында, өткөндөн сабак алуу керек.

Июнь окуясы өлкөнүн тарыхында кала берет. 2010-жылы 500дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылып, бир канчасы дайынсыз болду. Аталган окуяга саясий баа берүү аракеттери болуп жатат. Бирок аягына чыга элек деген ой менен бүгүнкү күндө иликтөөлөр жүрүп жатат. Ушундай окуялар кайталанбаш үчүн жетиштүү саясий баа берилип, чекит коюлуш керек. Президенттин июнь коогасын кайра иликтөө боюнча тапшырмасын туура деп эсептейм»,-деди Ибраев.

Кошумчалай кетсек, 2010-жылы өлкөнүн түштүгүндө 400дөн ашуун адамдын өмүрүн алган июнь коогасына бүгүн 11 жыл болду. Расмий маалыматка таянсак, бул каргашалуу окуяда 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул жаран ар кандай жараат алган. 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у табыла элек. Массалык башаламандыкка байланыштуу 100дөн ашуун адамга издөө жарыяланган. Ош жана Жалал-Абад июнь коогалаңына байланыштуу 6 миңге чукул кылмыш иши ачылып, 600гө жакын адам кылмыш жоопкерчилигине тартылып, 400 дөн ашуун адам эркинен ажыратылганы белгилүү.

Количество просмотров: 72