• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Санарип министрлиги жарандарга кайрылды

8 Чын куран 20259:34 Бишкек Govori.TV

Санариптик өнүгүү жана инновациялык тахнологиялар министрлиги жарандарды шылуундардан сак болууга чакырат.

Ведомстводон маалымдашкандай, акыркы учурда өздөрүн мамлекеттик органдын кызматкери катары тааныштырып, жарандардан жеке маалыматтарды сураган учурлар көбөйдү.

Эсиңизде болсун:

  • мамлекеттик органдар өздөрү биринчи болуп чалбайт;
  • жеке маалыматты (СМС, мессенджер аркылуу) сурабайт!

Эмне кылуу керек?

  • логин, сырсөз, карта номери сыяктуу маалыматтарды эч качан айтпаңыз;
  • шектүү чалуулар болсо — дароо укук коргоо органдарына кайрылыңыз

Өзүңүздү жана жакындарыңызды коргоңуз, сак болуңуз!

Количество просмотров: 172