• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Санитардык талаптарды сактабаган ЖОЖ, мектептер жабылат

18 Үчтүн айы 2021 11:33 Бишкек Govori.TV

Санитардык талаптарды сактабаган мектеп, ЖОЖ, бала бакчаларга айып салынып жабылат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Маралга» берген маегинде билдирген.

«Бүгүнкү күндөн баштап биздин адистер мекемелерге чыгып, эержелердин сакталышын көзөмөлдөйт. Биз аталган мекемелерди ачуу үчүн көпкө ойлондук. Жоопкерчилик алып жатканда алгоритмдерди иштеп чыгып, Билим берүү жана илим министрлиги менен сүйлөштүк. Эгерде санитардык талаптар сакталбаса, айып пул салып, мекемени жабабыз», — деп билдирген министр.

Количество просмотров: 132