• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Санкт-Петербургда 8-кабаттан кулаган бетон плитасы кыргызстандык жаранды басып калды

24 Бештин айы 2018 18:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.12.2018.Govori.TV.

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 8-кабаттан кулаган бетон плитасы кыргызстандык жаранды басып калды. Бул тууралуу «Невские новости» агенттиги жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, окуя 21-декабрь күнү жергиликтүү убакыт менен саат 22.30да Setl City компаниясынын курулуш объектисинде болгон.

Плита үч кишини басып калган. Алардын бири 23 жаштагы тажик жараны кырсык болгон жерде дароо мерт кеткен. Экинчи жаран ооруканага жеткирилген. Үчүнчү жумушчунун сөөгү эртеси күнү плитанын сыныктарын жыйнагандан кийин табылган. Ал 38 жаштагы кыргызстандык жаран болуп чыкты.

Количество просмотров: 17