• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Санкт-Петербургдагы мушташта кыргызстандык жигит бычакталды

11 Чын куран 2021 11:06 Бишкек Govori.TV

Санкт-Петербургда Кыргызстандын 19 жаштагы жараны бычактан жаракат алды. Бул тууралуу Орусиянын «Санкт-Петербург» телеканалы маалымдады.

Маалыматка караганда, окуя 9-апрелде парктардын биринде болгон. Жаракат алган жаран ошол күнү достору менен паркта жүргөн. Аларга 6 адам (жаш жигиттер) жолугуп, алардын ортосунда уруш чыккан. Жабырлануучуга бычак сайылгандан кийин окуянын катышуучулары из жашырган. Жабырлануучу ооруканага жеткирилген.

Ал эми шектүү кармалып, Өзбекстандын 25 жаштагы жараны экени такталган. Ден соолукка оор жаракат келтирүү беренеси менен иш козголуп териштирүү иштери жүруп жатканы белгилүү болду.

Количество просмотров: 370