• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Санрабия Сатыбалдиева эч жака кетпөө тилкаты менен бошотулду

4 Жетинин айы 2022 20:01 Бишкек Govori.TV

Журналист Санрабия Сатыбалдиева эч жака кетпөө тил катынын негизинде бошотулду. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасына жазды.

4-ноябрга караган түнү журналист Санрабия Сатыбалдиева менен оператору Калыс Аширбеков кармалды. Маалыматка караганда, анын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, андан соң журналист убактылуу кармоочу жайга 48 саатка киргизилген. Анын колунда 2 жашар кызы бар жана учурда кош бойлуу. Укук коргоочу Азиза Абдрасулованын айтымында журналисттин ден соолугуна коркунуч бар.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы журналист Санрабия Сатыбалдиева «опузалап талап кылуу» фактысы боюнча кармалганын кабарлады. Маалыматка караганда, жарандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды таратуу шылтоосу менен коркутуп, 10 миң АКШ долларын опузалап талап кылуу фактысы боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова кош бойлуу журналист Санрабия Сатыбалдиеванын саламаттыгына карабай камалышын адамгерчиликсиз кыйноо катары баалады.

Количество просмотров: 261