• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Санрабия Сатыбалиева Баяна Кулованын арызынын негизинде кармалган

4 Жетинин айы 2022 13:56 Бишкек Govori.TV

Камакка алынган кош бойлуу журналист Санрабия Сатыбалиева, журналист Баяна Кулованын арызынын негизинде кармалганын депутат Тазабек Икрамов билдирди.


Анын айтымында буга чейин Баяна Кулова Санрабия Сатыбалиевага 2миң доллар акча берген. Кийин дагы 2миң доллар талап кылган. Баяна Кулова депутат Шайырбек Ташиевдин видеотасмасын өчүртүп коюу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, акча берген.


Мындай кадамды Тазабек Икрамов «атайын уюшулган иш» деп баалайт.

Эске салсак, камакка алынган кош бойлуу журналист Санрабия Сатыбалиева өзүнүн кармалышы боюнча комментарий берип, ИИМ тараткан маалыматта Шаирбек Ташиевдин да аты жазылуусу керек болчу деп билдирди.

Сатыбалдиеванын айтымында, учурда тергөө иштери жүрүп жатат, андыктан баарын айта албайт. Ошол эле учурда ал пресс-релизде УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин жана бир тууганы Шаирбек Ташиевдин аты аталышы керектигин айтты.

«Мен тергөө үчүн унчукпай турам, чыккандан кийин баарын айтам», — деди Сатыбалдиева.

Буга чейин, журналист Санрабия Сатыбалдиева жана оператор Калыс Аширбековду кармалышы боюнча ИИМдин басма сөз кызматы маалымат тараткан. Ага ылайык, күч органдары 3-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарынан “системалуу түрдө акча опузалаган бир катар жарандарды” эки миң доллар каражат алып жатканда кармаган. Шектүүлөр депутаттарды “2016-2017-жылдагы аудиожазуулар менен шантаж кылганы” айтылган.

Количество просмотров: 2966