• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Трамп камакка алынып, кайра күрөөгө бошотулду

25 Баш оона 2023 16:07 Бишкек Govori.TV

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп формалдуу түрдө Атланта шаарындагы түрмөгө камакка алынып, кайра дароо күрөөгө бошотулду.

Атланта шаары жайгашкан Фултон округунун прокурору экс-президентке 2020-жылдагы президенттик шайлоонун бул округдагы жыйынтыгын бурмалоо максатында көмүскө келишимге барган деген негизде айып таккан.

Трамп Жоржия сотунун чечимине ылайык 200 миң долларлык күрөө менен коё берилди.

Экс-президент Атлантага Нью-Жерсиден жеке учагы менен барды. Аны полиция кызматкерлеринин коштоосунда түрмөгө жеткирип, бардык кармалгандар үчүн милдеттүү талаптардан өткөрүштү — манжа изин алып, сүрөткө тартышты. Атлантага учуп баргандан 20 мүнөт өткөндөн кийин ал аэропортко кайтып барып, журналисттердин алдында билдирүү жасады.

Трамп мыйзамга каршы эч нерсе жасабаганын айтып, коюлган айыпты «сот адилеттигинин пародиясы» деп атады. «Биз калыс өткөн жок деп эсептеген шайлоонун жыйынтыгынан күмөн саноого толук укугубуз бар болчу», – деп кошумчалады ал.

Жоржия штатынын мыйзамдарынын бузулушуна байланыштуу 13 айып тагылган 18 кишинин арасында Трамптан тышкары анын кеңешчилери жана жардамчылары да бар. Соттук териштирүүнүн өзү 23-октябрда башталмай болууда.

Бул Кошмо Штаттарынын 45-президентине карата козголгон төртүнчү кылмыш иш боюнча тагылган айып болуп калды.

Кылмыш иши 2021-жылы январда Трамптын аталган штаттын республикачыл катчысы Брэд Раффенспергерге телефон чалуусуна байланыштуу козголгон. Анда экс-президент андан өз пайдасына «11 780 добуш» таап берүүгө жардамдашууну суранган.

2020-жылдагы шайлоодо Жоржияда Жо Байден уткан.

Количество просмотров: 94