Париждин соту Павел Дуровду камактан бошотту. Бул тууралуу BFMTV билдирди.
Телеканалдын маалыматы боюнча, тергөө судьясы Павел Дуровдун камактагы мөөнөтүн токтотту. Бул Дуровду суракка алуу жана ага айып угузуу учун зарыл.
Telegramдын негиздөөчүсү төрт күн мурун кармалган. Анын камакта болушу мүмкүн болгон максималдуу мөөнөтү (96 саат) бүгүн бүтөт.
Эске сала кетсек, Telegram’дын негиздөөчүсү Павел Дуров 24-августтун кечинде Париждин Ле Бурже аэропортунда кармалган. Ага 12 кылмыш иштин негизинде айып тагылган.