Бишкек. 18.10.2018. Govori.TV
Бишкек шаардык соту мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковду камакта калтыруу чечимин өзгөрткөн жок. Буга чейин Биринчи май райондук соту Исаковду 5-декабрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.
Бүгүн соттук отурум учурунда Исаковдун адвокаты бул чечимди жокко чыгарууну өтүнгөн.
Эске салсак, мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупциялык жемкорлукка байланыштуу камалган.