• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Сапар Исаков Айбек Калиевди кызматтан алды

10 Чын куран 2018 11:45 Бишкек Govori.TV
Бишкек 10.04.18 Govoti.TV
Премьер-министр Сапар Исаков «Улуттук энергохолдинг компаниясы» ААКтын башчысы Айбек Калиевди кызматтан алууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, бүгүн Исаков ведомстволор аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгында ТЭЦте түзүлгөн кырдаалга жооптуу кишилерди аныктаган.
«Айбек Калиев Улуттук энергохолдингди башкарып турганда жылытуу мезгилине даярдык көрүүгө жооптуу болгону үчүн иштен алууну чечтим. Мен ведомстволор аралык комиссиянын изилдөөсүнүн жыйынтыгын күттүм. Процесс учурунда Улуттук энергохолдинг ТЭЦти модернизациялоо боюнча негизги темаларды депутаттарга жана коомчулукка жеткиликтүү түшүндүрүп бере алган жок», — деди Исаков.
Өкмөт башчы ведомстволор аралык комиссиянын корутундусун карап чыгып, ТЭЦтеги абал кызматкерлердин шалаакылыгынан улам чыкканын айтты.
Эске сала кетсек, январь айынын аягында Бишкек ТЭЦинде авария болуп, борбордогу 3000ден ашуун үй-бүлөө үч сутка жылуулуксуз калган.
Айбек Калиев ошондо кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган, бирок, премьер-министр арызга кол койгон эмес.

 

 

Количество просмотров: 37