• Бейшемби 6 Тогуздун айы 2022
  • Четверг 6 Октябрь 2022

Сапар Исаков эки айга камакка алынды

5 июня 2018 в 19:26 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 05.06. 2018. Govori. TV
Биринчи Май райондук сот мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын карап, эки айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарды.
Сапар Исаков бүгүн УКМКга 4-ирет суракка чакырылган. Майдын соңунда УКМК Сапар Исаковго карата ТЭЦти модернизациялоо долбоору боюнча коррупцияда айыптап, кылмыш ишин козгогон.
Бирок, ал өзү муну саясий куугунтук деп атаган.
Эскерте кетсек, УКМК Исаковго кылмыш иш козгоп, аны шок абалына келтирген. Акыркы жолу Исаков алты сааттан ашык сурак берип чыккан.
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго «коррупция» беренеси боюнча айып тагылып, эч жакка кетпөө жөнүндө баш коргоо чарасы тандалган.
«ТЭЦтин авариясы менен модернизацияга кеткен 386 млн. доллардын жумшалышы боюнча депутаттык комиссиянын корутундусуна өзгөртүүлөр киргизилген. Экс-өкмөт башчы Сапар Исаковдун жоопкерчилиги өзүнчө пункт менен бөлүп жазылган.
Анда белгилүү болгондой, модернизация маселеси боюнча артыкбаш чыгымдар, Кытайлык компаниянын кызыкчылыгы ал кездеги Президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков тарабынан корголгону иликтөөнүн жүрүшүндө жана корутундуну талкуулоодо белгилүү болгон.
Ал эми, Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев ЖЭБ чуусуна байланыштуу маселеде чечим кабыл алгандар эмес, аны аткаргандар айыпталып жатат деп жар салган. Министрлик Сапар Исаковдун  Бишкек ТЭЦин модернизациялоо жөнүндө тапшырмасын аткарды, деп парламенттеги ТЭЦ боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулап жатканда депутат Осмонбек Артыкбаев айткан эле..
Анын айтымында, ТЭЦтеги модернизация, ага корогон 386 млн. доллар боюнча аткаруучулар эмес жогору жактан буйрук бергендер жоопко тартылышы керек.
Количество просмотров: 4