Бишкек. 09.04.2019. Govori.TV.
Бир жылга жетпеген убакыт мурда мынчалык караланып, коррупцияга айыпталаарым оюма да келген эмес. Мындай пикирин КРдин мурдакы Премьер-министри Сапар Исаков кайрылуусунда билдирди.
Ал өзүнүн билдирүүсүндө «ЖЭБдеги кыйроого чыныгы күнөөкөр адамдар жана ЖЭБди 2017-2018 – жылдагы күз-кыш сезонуна даярдаган, ЖЭБдин эски бөлүгүндөгү ремонтту сапатсыз жүргүзгөн адамдар айыптоолорго жамынып алышып, Президент Сооронбай Жээнбековдун жана анын «кеңешчи сөрөйлөрүнүн» саясый буйрутмасын аткарышууда»,- деген пикирин айткан.
Исаковдун айтымында, ага жана жогоруда аталган башка адамдарга карата коюлган айыптоо корутундулары укуктук негиздерден таптакыр куржалак жана саясый популизм менен укуктук түр көрсөткөн «шылуундуктун» аралашмасы болуп саналат.
Өзүнүн кайрылуусунун соңунда, анын күнөөсү жок экенине ишенген бардык жарандарга ыраазычылык билдирип, «Мен сиздерди уятка калтырбайм! Өзүмдүн үлүшүмө туш келген бардык сыноолорду көтөрөм жана атымдын ак экенин коргойм»,-деген.
Эске салсак, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго ЖЭБдеги коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган.