• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Сапар Исаков УКМКдан шок абалында чыкты

29 Бугу 2018 22:14 Бишкек Govori.TV
Бишкек.29.05.2018.Govori.TV.
Бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы премьер-министр Сапар Исаковко кылмыш иш козгоп, аны шок абалына келтириптир. Бул туралуу Исаков журналистерге алты сааттан ашык сурак берип чыккан соң билдирди. Туз эфир алып барган Кньюс сайты, Исаковдун видеосун фейсбук баракчасына жайгаштырды.
«Мага айып тагуу боюнча токтомду чынын айтсам толугу менен окуп чыга элекмин. Мен азыр ачуума чыдабай турам. Адегенде социалдык тармактарда, маалымат каражаттарында Сапар Исаковдун атын тебелешти. Андан соң ушундай антураж түзүп, кылмышкер катары көрсөткүсү келип жатышат. Биз эми адвокаттар менен тыгыз иштеп, күнөөсүз экенибизди далилдейбиз. Бул таптакыр чектен чыгуу, мен шок болуп турам»,- деп айтты Исаков.

https://www.facebook.com/knews.kg/videos/1698067850276205/

Эскерте кетсек,мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго «коррупция» беренеси боюнча айып тагылып, эч жакка кетпөө жөнүндө баш коргоо чарасы тандалды.
«ТЭЦтин авариясы менен модернизацияга кеткен 386 млн. доллардын жумшалышы боюнча депутаттык комиссиянын корутундусуна өзгөртүүлөр киргизилген. Экс-өкмөт башчы Сапар Исаковдун жоопкерчилиги өзүнчө пункт менен бөлүп жазылган.
Анда белгилүү болгондой, модернизация маселеси боюнча артыкбаш чыгымдар, Кытайлык компаниянын кызыкчылыгы ал кездеги Президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков тарабынан корголгону иликтөөнүн жүрүшүндө жана корутундуну талкуулоодо белгилүү болгон.
Ал эми, Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев ЖЭБ чуусуна байланыштуу маселеде чечим кабыл алгандар эмес, аны аткаргандар айыпталып жатат деп жар салган. Министрлик Сапар Исаковдун  Бишкек ТЭЦин модернизациялоо жөнүндө тапшырмасын аткарды, деп парламенттеги ТЭЦ боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулап жатканда депутат Осмонбек Артыкбаев айткан эле..
Анын айтымында, ТЭЦтеги модернизация, ага корогон 386 млн. доллар боюнча аткаруучулар эмес жогору жактан буйрук бергендер жоопко тартылышы керек.
Количество просмотров: 39