Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Бишкек ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция иштерине байланыштуу күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Соттун чечиминен кийин анын апасы Нургүл Өмүрбаева өкүм адилетсиз чыкканын билдирип, сотторго наалат айтты.
Эске салсак, Сапар Исаков 2018-жылдын июнь айынан бери УКМКнын тергөө абагында кармалып турган. Ал жылуулук борборун жаңылаган Кытайдын ТВЕА компаниясынын кызыкчылыгын көздөгөн деп айыпталып жаткан.