Бүгүн, мурдагы өкмөт башчы, коррупцияга айыпталып, УКМКда камакта жаткан Сапар Исаковдун баш коргоо чарасы каралат. Бул тууралуу КСДПнын маалымат-катчысы Кундуз Жолдубаева билдирди.
“Урматтуу достор! Бүгүн, 31-июлда Биринчимай райондук сотунда Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арыз каралат. Коргоо тарап процесстин ачык өтүүсүнө аракет кылышмакчы”,-деп жазды ал социалдык түйүндөгү баракчасына.
Эске сала кетсек, эки күн мурун Сапар Исаков 41 жашка толуп, анын туулган күнү тарапташтары Бишкектин “Эмен багында” белгилешкен.