Жогорку Кеңештеги Бишкек ЖЭБдеги авария боюнча түзүлгөн депутаттык комисиянын жыйынында депутат Акылбек Жамангулов өкмөт башчы Сапар Исаковдун авариянын себеби боюнча айткан сөзү туура эмес болуп калганын айтып, ЖЭБдин директорунан тактап коюсун суранды.
Андрей Воропаевдин айтуусунда насос иштеп эле жаткан. Иштөөдөн насоско чейинки фильтрге акыр-чикир толуп калып иштен чыккан. Буга чейин өкмөт башчы Сапар Исаков ЖЭБдеги аварияга насоско кир толуп калышынан болгондугун айткан.
Эске салсак, 26-январда Бишкек ЖЭБи жылуулук берүүсүн токтотуп, шаардыктар 4 күн бою муздак үйлөрдө күн кечиришкен. Жагдайды иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.
“GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында тренинг өткөрүп жатат. Ага Ош, …