• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

“Сапаттын” мугалими дагы 7 окуучуну сабаганы белгилүү болду

29 Үчтүн айы 2024 15:17 Бишкек Govori.TV

“Сапат” билим берүү мекемесинин Кызыл-Кыя шаарындагы Исхак Раззаков атындагы лицейинде окуучуну сабаган деп шек саналып жаткан мугалим дагы жети балага кол көтөргөнү кабарланды. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 29-январдагы жыйынында айтты.

«Окуяны иликтөө үчүн министрликте түзүлгөн комиссиянын ишинин жыйынтыгы чыкты. Биз окуучулардын арасында психологиялык тест жүргүздүк. Анын жыйынтыгында жеке эле бир бала эмес, дагы жети окуучу ошол мугалимден жабыркаган экен”, — деди ал.

25-январда Баткен облустук милициясы аталган лицейде окуучуларга күч колдонгон деп шек саналган 35 жаштагы мугалим кармалганын билдирген. Ага Кылмыш-Жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен айып тагылды.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов шектүү үй камагына чыгарылып, иш тергелип жатканын кошумчалады.

Количество просмотров: 221