Экс-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 500 гектардан ашык жерди мамлекеттин балансына кайтарып берди. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Тайырбек Сарпашев буга чейин Токтогул районунун Торкен айыл өкмөтүнөн жер алгандыгы көрсөтүлгөн.
«Т.Сарпашев мыйзамсыз алынган мүлктү өз ыктыяры менен кайтарып берүү шарттарынын баштапкы этабын аткарууда. Каржы полициясы сотко чейинки процессти улантууда, мурдагы чиновниктин башка мүлкүнө ээ болуу мыйзамдуулугу текшерилүүдө. 9-декабрда Сарпашевге Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын тергөө бөлүмүнө келүүгө чакыруу кагазы тапшырылды», – деп маалымдашты.
