• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Финпол: Сарпашев 500 гектардан ашык жерди мамлекеттин балансына кайтарды

1 Бештин айы 2020 10:47 Бишкек Govori.TV

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө мурунку биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев 500 гектардан ашык жерди мамлекеттин балансына кайтарып берди. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Финансы полициясы мурунку биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча ишти тергеп жатат.

«Тергөөнүн жүрүшүндө Тайырбек Сарпашев Токтогул районунда жайгашкан мурда сатылып алынган жана өзүнүн жакын туугандарына катталган 500 гектар жайыт жерин, ошондой эле 30 гектар сугат жерин өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына кайтаруу ниетин билдирди. Кийинки жумада, Сарпашев жогоруда аталган жер тилкелерин Токтогул районунун Торкен айылынын балансына кайтарып берет»,-деп айтылат маалыматта.

Кыргыз Республикасынын Финансы полициясы сотко чейинки өндүрүштү улантууда.

Количество просмотров: 1784