• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Сарпашев: «Сентябрь» жабылгандыгына байланыштуу арызымды албайм

5 Үчтүн айы 2018 12:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек.05.01.2018.Govori.TV

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрагасы Тайырбек Сарпашев “Сентябрь” каналын өткөн жылы май айында эле сотко бергендигин билдирди.

“Мен телеканалды сотко бердим. Капарову жооп береби же журналист жооп береби аны билбейм. Мен май айында эле сотко бергем”,-деди Сарпашев.

Ошондой эле Тайырбек Сарпашев телеканал жабылып калгандыгына байланыштуу арызды албай тургандыгын билдирди.

Тайырбек Сарпашев «Сентябрь» каналында 04.03.2017-жылы Апта аналитикалык программасында, каналдын Жалал-Абаддагы кабарчысы Талгат Бакиевдин сюжетинде сүйлөгөн отставкадагы полковник Абдылда Капаровдун сөзү үчүн сотко берген. Анда Абдылда Капаров Тайырбек Сарпашев Сирияга кетип жаткандарга 20 миң доллардан жасалма паспорт жасап сатып жатат деген.

Тайырбек Сарпашев Мамлекеттик каттоо кызматын 2015-2016-жылдары жетектеп турган.

Эске салсак, 4-январда жабылган “Сентябрь” каналынын Жалал-Абаддагы кабарчысы Талгат Бакиевге 10-январга Ленин райондук сотуна чакыруу келгендиги кабарланган.

Количество просмотров: 19