Быйыл Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) авария катталбайт. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКсынын башкы директорунун биринчи орун басары Исланбек Сарсейитов билдирди.
“Учурда баардык иштер графикке жараша жүрүүдө. Буу казандарда баардык оңдоп-түзөө иштери жана башка иштер аяктады. Андан тышкары,ЖЭБде болгон авариядан кийин кризиске каршы план кабыл алынып, аны ишке ашыруу үчүн каражат бөлүнгөн», — деди Сарсейитов.