• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

“Сары-Өзөн” базары толугу менен мамлекеттин карамагына өттү

17 Баш оона 202112:27 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги “Сары-Өзөн” (Дыйкан) базары толугу менен мамлекеттин карамагына өттү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Мирлан Бакиров билдирди.

Анын айтымында, Жогорку соттун чечими “Сары-Өзөндүн” 3 миң гектар жери жана активдери мамлекетке өттү.

“Учурда инвентаризация процедурасы жүрүүдө. Алдыда базардагы бардык төлөмдөр республикалык бюджетке түшүп турат”, — дейт ал.

Бакиров бүгүнкү күндө сотто каралып жаткан дагы башка объектилер бар экендигин айтып, соттун чечими менен сөз кайсы мекемелер тууралуу болуп жатканын билүүгө болорун белгиледи.

Количество просмотров: 694