• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Сатыбалдиев жүрөгүн текшертүүнү суранды

17 Баш оона 2018 9:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 17.08.2018. Govori.TV

Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) коррупциялык иштерге байланыштуу айыпталып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынган мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ден соолугунан улам медициналык текшерүүдөн өтүүгө муктаж экенин билдирди.

Бул тууралуу аны менен жолугушуп чыккан Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун башчысы Нурдин Сулайманов кабарлады. Анын айтымында, Сатыбалдиев жүрөгүн текшертүү үчүн төрт-беш күнгө ооруканага чыгарууну өтүнгөн.

Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 18-июнда кармалган. Учурда ал УКМКнын тергөө абагында отурат.

Количество просмотров: 14