• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Сатыбалды уулу эл аралык мелдеште коло медаль утту

3 Бирдин айы 202410:44 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Сагын Сатыбалды уулу эл аралык мелдеште коло медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Boxam эл аралык мелдеши Испаниянын Ла-Нусия шаарында өтүп жатат.

Мушкер 80 кг чейинки салмак ченинде катышты.

Ал 1/8 финалдык беттеште Польша өлкөсүнүн мушкерин жеңип, чейрек финалда бельгиялык спортчуну артта калтырган.

Ал эми жарым финалдык беттеште өзбекстандык мушкерге жеңилип, 2-орунга ээ болду.

Количество просмотров: 148